Yükleniyor...
Japonya’nın Tokyo kentinde düzenlenen Olimpiyat Oyunlarına Kırgızistanlı 16 sporcu katıldı ve üç güreşçi madalya kazandı. 22 yaşındaki Akcol Mahmudov (grekoromen güreşi) 77 kiloda finale çıkarak 34 yaşındaki Macaristan’lı rakibi Tamasu Lorintsu’ya 1:2’lik skorla yenildi ve gümüş madalyanın sahibi oldu. Bu, Kırgızistan’ın 2008 Olimpiyatları’ndan bu yana kazandığı ilk gümüş madalyası.
3 Ağustos’ta Meerim Cumanazarova bronz madalya kazandı. Kırgızistan tarihinde olimpiyatlarda bayanlar güreşinde 68 kilo kategorisinde Azerbaycanlı rakibi Alice Manolova’yı 4:1 yenerek bronz madalya kazanan ilk kadın sporcu oldu.
4 Ağustos’ta Aysuluu Tınıbekova bayanlar güreşinde finale yükseldi. Ön final maçlarında rakiplerini kolayca yendi ve finalde rakibine sadece bir puan (3: 4) kaybetti. Japonya’lı Yukako Kawai ve Aysuluu Tınıbekova birbirlerini çok iyi tanıyorlar.Daha önce 2019 yılında Tınıbekova, Kawai’yi iki kez yenmişti ve 2020’de ise başarı Kawai’nin tarafındaydı. Tınıbekova, popüler bir internet sitesine verdiği röportajda, “Bütün Kırgızistan benden altın bekliyordu. İyi hazırlandım ama Allah’ın emriyle gümüş madalya kazandım” dedi. Dünya Güreş Örgütü, Aysuluu Tınıbekova ve Meerim Cumanazarova’yı tarihin yaratıcıları olarak adlandırdı. Bu bilgiler kurulun resmî internet sayfasında yayımlandı.
Kırgızistan şu anda bu üç madalya ile olimpiyatlarda 68. sırada yer alıyor.
Devlet altın madalya kazananlar için 10 milyon som, gümüş için 7 milyon som ve bronz madalya için beş milyon som hediye edeceğine dair söz verdi.
Азыркы учурда Японияда, Токио шаарында өтүп жаткан олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып, алардын ичинен эркин күрөш жана грек-рим күрөшү багытында үч спортчу мамлекетке медаль алып келди. 22 жаштагы Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) 77 кг салмакта финалга чыгып, Венгриялык 34 жаштагы атаандашы Тамашу Лоринцудан 1:2 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду. Бул “күмүш” Кыргызстандын 2008-жылкы олимпиада оюндарынан кийин алган алгачкы медалы.
Ал эми 3-августта өлкөгө коло медаль алып келген спортчу Мээрим Жуманазарова болду. Ал аялдар арасындагы күрөштө 68 кг салмакта жарышка чыгып, Азербайжандык атаандашы Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңип, Кыргызстан тарыхында олимпиада оюндарында коло медаль утуп алган алгачкы аял спортчу болуп калды.
4-август күнү кыздар арасындагы күрөш багытында финалга Айсулуу Тыныбекова чыкты. Ал финалга чейинки беттештеринде атаандаштарын оңой жеңип, финалдагы атаандашына болгону бир упай менен (3:4) жеңилип калды. Япониялык Юкако Каваи жана Айсулуу Тыныбекова бири-бирин жакшы таанышат, буга чейин 2019-жылы Тыныбекова Каваини эки жолу жеңип алган болсо, 2020-жылы ийгилик Каваи тарапта болгон. Тыныбекова белгилүү интернет сайттардын бирине берген маегинде “Бүтүндөй Кыргызстан менден алтын күтүп жаткан болчу, даярдыгым дагы өтө мыкты эле, бирок Кудайдын буйругу менен күмүш медалга ээ болдум” деди. Ал эми дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы тарыхтын жаратуучусу деп атады. Бул маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Азыркы тапта бул үч медалдын эсеби менен Кыргызстан олимпиада оюндарында 68-орунда келе жатат.
Мамлекет алтын медаль алган спортчуларга 10 миллион сом, күмүш 7 миллион сом, коло медаль үчүн беш миллион сом акчалай сыйлык убада кылды.
Kaynaklar: