Yükleniyor...
Koronavirüs pandemisi nedeniyle Kırgızistan’da olağanüstü hal ilan edildiğinden beri bölgeler arası ve şehirler arası uçuşlar askıya alınmıştı. Şu anda görevden ayrıldıktan sonra ne yapılacağı bilinmiyor. Ancak 1 Haziran’dan itibaren görkemli Issyk-Kul turist almaya başlayacağını Kültür Enformasyon ve Turizm Bakanı Azamat Jamankulov söyledi.
Bakan Azamat Jamankulov beyanında: “1 Haziran’dan itibaren turizm sektöründeki tüm işletmeler çalışmaya başlayacak. Bunlar arasında: tatil köyleri, sağlık kompleksleri, doğa parkları, plajlar vb. turizm endüstrisi sıhhi şartlara uygun olarak faaliyet göstermektedir. Gereklilikler dinlenme tesisleri için geçerlidir ve turistlerin kurallarına uygundur. Sağlık Bakanlığı ile işbirliği içinde turistler arasında 1.5-2 metre mesafede ve deniz kenarındaki çadırlar arasında özel kurallar geliştirilmiştir. Yakın gelecekte kamuoyuna duyurulacak! ” söyledi.
***
(Kırgızistan lehçesinde)
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал кабыл алынгандан баштап аймактар аралык жана бир шаардан экинчи шаарга каттамдар токтотулган. Азырынча качан жанданары белгисиз бойдон турат. Бирок 1-июндан тарта ажайып Ысык-Көл эс алуучуларды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу 29-майда өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
“1-июндан баштап туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт. Алардын ичинде: пансионаттар, ден соолук чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар ж.б. Санитардык талаптарды сактоо менен туризм тармагы ишин жүргүзөт. Талаптар эс алуу жайларындагы имараттарга тиешелүү жана туристтерге ылайык эрежелер болот. Туристтер ортосунда 1,5 – 2 метр аралык, суунун жээгиндеги чатырлардын аралыгы боюнча атайын эрежелер Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты. Ал жакынкы аралыкта коомго жарыяланат“, – ”, – деп белгиледи министр Азамат Жаманкулов.
Ошондой эле пандемия шартында ички туризмди өнүктүрүү багытталууда. Министрлик жарандар үчүн “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү керек:
1. «Бурана» комплекси
2. «Өзгөн» комплекси
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
4. «Сары Челек» коругу
5. Манастын күмбөзү
6. Сан Таш
7. Сказка каньону
8. «Арсланбап» улуттук коругу
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү Министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.