Yükleniyor...
Kırgızistan 4 Aralık tarihini Manas Günü olarak kutluyor. Bu önemli günün şerefine bugün saat 11: 00’de başlayıp 5 Aralık sabah 11: 00’de sona erecek şekilde Talas bölgesindeki Manas Ordo kompleksinde bir gün boyunca “Manas” destanı okunacak. Ülkenin her yerinden Manasçı-destancılar bu şölene katılacak.
Kırgızistan Cumhuriyeti Cumhurbaşkanı Vekili Jogorku Keneş Başkanı Talant Mamytov Manas Destanı dolayısıyla bir kutlama mesajı yayımlayarak: “Kırgız halkının onurunu uyandıran ve birlik çağrısı yapan destanı “Manas”, tarihte çeşitli denemelerden geçmiş, zor zamanlarda milletimizin değerli mirası olarak tarihe geçti. “Manas “, Kırgız devletinin sembolüdür!” dedi.
Bu bayram Kırgızistan’da 2015 yılından itibaren hükumet kararnamesiyle resmileşti. Ana amaç “Manas” destanını ulusal miras olarak korumak ve tanıtmak, ülkede “Manas çalışmaları” geliştirmek ve manasçıları desteklemek.
“Manas”, Kırgız halkının büyük bir kahramanlık destanı, dünyanın en uzun şiiri, 500553 satırdan oluşur. Manasçı Sayakbay Karalayrv destan hakkında verdiği bilgide “Manas”, “Semetey” ve “Seytek” üçlemelerinden oluştuğunu ifade etti.
***
(Kırgızistan lehçesinde)
Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстанда «Манас» күнү белгиленип жатат. Бул күнгө утурлай Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир күн бою тынбай манас айтылат, тагыраагы бүгүн саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген манасчылар катышат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. “Кыргыз элинин намысын ойготуп, биримдикке чакырган „Манас“ эпосу тарыхта ар кандай сыноолордон өткөн улутубузга татаал күндөрү тирек болуп, элибиздин эбегейсиз зор энчисине айланды. „Манас“ — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу!!”, -деди ал.
Бул майрам Кыргызстанда 2015-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Башкы максаты – “Манас” эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада “Манас таанууну” өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.
“Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма – 500 миң 553 ыр сабынан турат. Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралган. Алар: “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек”.